Есть вопросы?

Здесь Вы можете найти ответы на многие вопросы или задать свой вопрос!

204) Текстти окугула, жөнөкөй жана татаал баяндоочторду тапкыла. КОСМОНАВТИКА
«Космонавтика» сөзүн грек тилинен которгондо «кеме башка-
руу» дегенди билдирет. Космос жана космостук учуулар жөнүндөгү
илимди К. Э. Циолковский ачкан. Анын ойлорун конструктор
с. п. Королёв жетектеген окумуштуулар ишке ашырган. Алар
1957-жылдын 4-октябрында Жердин биринчи жасалма спутни-
гин орбитага чыгарган. 1961-жылы 12-апрелде Ю. А. Гагарин
биринчи жолу космоско учкан. Дүйнөдөгү биринчи аял космонавт
В. В. Терешкова болгон. Ошондой эле космоско Г. Титов, А. Ни-
колаев, П. Попович,
В. Быковский аттуу
космонавттар учуш-
кан. Космонавттар
космосто узак убакыт
болушуп, Ай, Күн, Be-
нера жана Марс пла-
неталары тууралуу
көп жаңылыктарды
ачышкан.
Бүгүн космос темасын бүткүл дүйнө окумуштуулары изилдеп жатышат. Австрия, Германия, Франция жана КМШ мамлекеттеригелешип, космос сырларын ачышкан. Ушул ачылыштарга биздин ысык-көлдүк жердешибиз Жолдошбай Асангазиевич Бургеевдин салымы чоң. Ал өмүрүнүн акырына чейин космосту изилдөөчү 1-кате гориядагы башкы конструктор болгон. Космос жөнүндө ондогон ачылыштарды жасап, автордук укуктарга ээ болгон. 1986-жылы ал «Эмгектеги артыкчылык медалы менен сыйланган. А. Бур геевдин космосту изилдөөчү приборлору, эмгектери жогору баа лангандыктан «Фобос» жана «Венера-Галилей» аттуу Эл аралык китепке киргизилген.

Ал эми кыргызстандык космонавт Салижан Шарипов 1998 жылы 22-январь АКШнын «Шаттл» космостук кемеси менен космоско учкан. Ал 2-февраль күнү жерге аман-эсен кайтып келген. Биринчи кыргыз космонавты С. Шарипов «Ак шумкар» өзгөчө белгиси жана Кыргыз Республикасынын Баатыры деген наамы менен сыйланган.

Знаешь правильный ответ?
204) Текстти окугула, жөнөкөй жана татаал баяндоочторду тапкыла. КОСМОНАВТИКА«Космонавтика» сөзүн гр...

Популярные вопросы