Есть вопросы?

Здесь Вы можете найти ответы на многие вопросы или задать свой вопрос!

1. Чектегич бөлүкчө катышкан сүйлөмдү белгилеңиз. а) Сыягы, бүгүн кар жаайт окшойт. б) Ушунчалык сулуу кыз көрдүм.

в) Жалаң балдар гана катышты. г) Ал так үйүнүн жанына келди.

№ 2. Сүйлөмдү этиштин өткөн чагы менен толуктаңыз.

Алым өзүнүн көлдө эс алганы жөнүндө .

а) айтып берчи б) айтып берсе

в) айтып берүүдө г) айтып берген

№ 3 Аралыкты, мезгилди, убакытты көрсөткөн жардамчы сөздөрдү белгилеңиз.

а) аябай, абдан б) жараша, алдында

в) жанында, ичинде г) чейин, дейре

№ 4. Мезгил тактооч катышкан сүйлөмдү белгилеңиз.

а) Аны ар дайым сурап тур. б) Ал акырын чыгып кетти.

в) Майдан бир аз кошо түшчү. г) Биз аны көпкө күтпөйбүз.

№ 5. Баяндооч сөздөрдүн түрүн белгилеңиз.

Карап жатат, ойлоп жатат, жөнөп жатат

а) жөнөкөй б) тутумдаш в) негизги г) көмөкчү

№ 6. Сүйлөм туура түзүлө турган вариантты белгилеңиз.

1) келгенде 2) күз 3) кыштоого 4) көчүшкөн

5) кайра 6) кыргыздар

а) 6, 2, 1, 4, 5, 3 б) 2, 1, 6, 5, 3, 4 в) 5, 2, 1, 3, 6, 4 г) 2, 5, 4, 1, 6, 3

№ 7. Ат атоочтун түрүн белгилеңиз.

Эч ким, эч нерсе унутулбайт.

а) тангыч б) белгисиз в) аныктама г) өздүк

№ 8. Орун бышыктооч катышкан сүйлөмдү белгилеңиз.

а) Түнкүсүн күн суук болуп баштады го! б) Түн менен күн жакында теӊелет.

в) Туулган жерден алыс кетким келбейт. г) Туулган жердин топурагы алтын.

№ 9. Сүйлөмдөрдү маанисине карата толуктаңыз.

жанына, менен, мүмкүн, бирок

1. Сууну чака алып келчи.

2. Ал анын чуркап келди.

3. Мен кечке чейин издедим, таппадым.

4. ал бизди түшүнөр.

а) 1 - бирок; 2 - жанына; 3 - мүмкүн; 4 – менен

б) 1 - менен; 2 - мүмкүн; 3 - бирок; 4 - жанына

в) 1 - менен; 2 - жанына; 3 - бирок; 4 - мүмкүн

г) 1 - мүмкүн; 2 - жанына; 3 - бирок; 4 - менен№ 10. Сүйлөмдүн айкындооч мүчөлөрүн белгилеңиз.

Асек, Салкын, Алтын бүгүн мектепке келишкен жок.

а) Асек, Салкын б) Алтын, бүгүн в) бүгүн, мектепке г) келишкен, жок

№ 11. Тике толуктоочту белгилеңиз.

Кечээ кыздар балатыны кооздошту.

а) кыздар б) балатыны в) кооздошту г) кечээ

№ 12. Бир өңчөй толуктооч катышкан сүйлөмдү белгилеңиз.

а) Сыргак тегеректи, короону тазалады. б) Айша кызыл, ак, түстөрдү тандады.

в) Сүйүнбек ойноду, эс алды, уктады. г) Амантай кичипейил, чынчыл бала.

№ 13. Аныктооч катышкан сүйлөмдү белгилеңиз.

а) Сапар класста отурат. б) Сапар эртең келет.

в) Сапарга досу келди. г) Сапар сылык окуучу.

№ 14. Аныктоочтун милдетин зат атооч аткарган сүйлөмдү белгилеңиз.

а) Эрмек сабакка бара жатабы? б) Беш жашынан бийлей баштаган.

в) Кайсы китептер жарык көрүптүр? г) Жаздын келишин күтүп жатабыз.

№ 15. Аныктоочтун милдетин сан атооч аткарган сүйлөмдү белгилеңиз.

а) Асыл бирдин айында жумушка чыгат. б) Дүйнөдөгү биринчи кат качан жөнөтүлгөн?

в) Тогуз-Торолук жигит байге алды. г) «Тогузак» бирикмеси чогулуш өткөрдү.

№ 16. Бышыктоочтун сөз түркүмүн белгилеңиз. Тепкич менен жогору көтөрүл.

а) тактооч б) сын атооч в) чакчыл г) сан атооч

№ 17. Орун бышыктооч катышкан сүйлөмдү белгилеңиз.

а) Агаӊдын сөзүн кунт коюп ук. б) Бүгүн жамгыр жаады.

в) Мен Ысык-Көлгө кете берем. г) Биз шашып бара жаттык.

№ 18. Себеп бышыктооч катышкан сүйлөмдү белгилеңиз.

а) Себебин түшүндүрүп берди. б) Себебин билсеӊиздер, азыр айткыла.

в) Кечиккен үчүн шаштык. г) Сабак боюнча билгениӊди жаз.

№ 19. Мезгил бышыктооч катышкан сүйлөмдү белгилеңиз.

а) Эржан Кош-Дөбөдө жашайт. б) Талант жакшы комузчу экен.

в) Эжекем кечкисин иштебейт. г) Алар мектептен бирге келишет.

№ 20. Себеп бышыктооч катышкан сүйлөмдү белгилеңиз.

а) Туулган күнүмдү жылда белгилейм. б) Быйыл жаз жылдагыдан жылуу болду.

в) Кубангандан маӊдай жарылбайт экен. г) Туулган козуларды бөлүшмөк болчу.№21. Фронттон аскер кайтып келди деген кабарды укканда элдин ... .

а) баары сүйүнүштү б) Орозмат сүйүндү

в) бригадир кубанды г) Данияр кубанды

№22. Данияр айылга ...келди.

а) мурда эле бул жерде жашаган үчүн б) туугандарына учурашканы

в) согуштан жарадар болуп г) туугандарынын дайынын билгени

№23. Айылдагылар аскерден кайтып келген Даниярга жабыла ... жүгүрүп келишти.

а) укканы б) учурашканы в) сүйлөшкөнү г) сураганы

№24. Даниярдын көрүнүшүн сыпаттаган сөздөрдү белгилеңиз.

а) кызыктуу, сүйлөбөгөн б) жарадар, дайынсыз

в) түнөргөн, түктүйгөн г) куркуйган, бойлуу

№25. Данияр менен тексттеги баяндамачы ... .

а) кошуна айылдан б) айылдаш в) кошуна г) белгисиз

№26. Эл Даниярды... жактыра койгон жок.

а) эч бир б) дароо эле в) эч качан г) араң эле

№27. Даниярдын мүнөзүн сыпаттаган сөздөрдү белгилеңиз.

а) бою узун б) аксаңдап баскан

в) көп сүйлөбөгөн г) жарадар

№28. Данияр фронттогу окуяларды ... .

а) айтып бергенди жактырчу б) айтып бергиси келчү эмес

в) абдан эле көп эстечү г) дайыма айтып берчү

№29. Данияр согушту эстегенде ... .

а) үнү акырындап, коркчу б) ачууланып, жаман көрчү

в) билгенинен кеп козгочу г) түнөрүп, түктүйө калчу

№30. Окуяда баяндалган мезгилди белгилеңиз.

а) фронт жабылган мезгил б) согуш аяктаган мезгил

в) чөп чабык мезгили г) жумуш бүткөн мезгил​

Другие вопросы по: Другие предметы

Знаешь правильный ответ?
1. Чектегич бөлүкчө катышкан сүйлөмдү белгилеңиз. а) Сыягы, бүгүн кар жаайт окшойт. б) Ушунчалык сул...

Популярные вопросы