Энем
Күткөндүрсүн,
Келдим, эне, аманбы?
Кучактачы,
Сүйчү беттен балаңды!
Беш жыл бою,
Тентип кеттим дайынсыз,
Сагындың го,
Бир көрө албай караанды!
Сагынганда,
Тентип кеткен балаңды,
Жүзгө жоруп,
Жүгүрттүң го санаанды?
Каттоочудан:
«Кат жазсын!» — деп, айттырып,
Кийинчерээк,
Ала бердиң мазамды.
Тентек эле,
Эмне болду дедиңби?
Күндө ойлоп,
Асан кайгы жедиңби?
Кимдер тилдеп,
Кимдер шагын сындырып,
Муңайтты - деп,
Кейиттиңби зээниңди?..
Ай, ушул сен,
Кейий берген энемсиң,
Бекер ойлоп,
Бекер кайгы жегенсиң.
Мен кетерде,
Беттен өөп, кучактап:
- «Кагылайын,
Кайраттуу жүр» - дегенсиң.
...Энекебай,
Кайратымдан жазбадым.
Переведите на русский
Другие вопросы по: Другие предметы
Знаешь правильный ответ?
ЭнемКүткөндүрсүн,Келдим, эне, аманбы?Кучактачы,Сүйчү беттен балаңды!Беш жыл бою,Тентип кеттим дайынс...
Популярные вопросы